Site icon Reporter.kg

Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Мелдеш Бириккен Араб Эмиараттарынын борбору Абу-Дабиде өтүүдө.

90 кг салмакта күч сынашкан Эрлан Шеров таймашты 1/16 финалдан баштады. Ал алгачкы эки беттешинде сербиялык жана бельгиялык спортчуларды утуп, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда атаандашы килемге чыкпагандыктан, жеңиш Шеровго ыйгарылды.

Эми финалга чыгуу үчүн ал япониялык Гоки Тадзима менен күч сынашат.

Exit mobile version