Site icon Reporter.kg

Дзюдочу Эрлан Шеров Grand Slam мелдешинде күмүш тагынды

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Улан-Батор шаарында (Монголия) өткөн Grand Slam («Чоң шлем») мелдешинде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 90 кг салмак категориясында күч сынашып, финалда россиялык балбанга жеңилип калган.

Мелдеш 23-25-июнь күндөрү болуп өткөн. Ага жалпы 44 мамлекет катышып, Кыргызстан 10-орунду ээлеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version