Site icon Reporter.kg

Дзюдочу Жанар Жолдошева Азия чемпионатында алтын медаль утту   

Кыргызстандык спортчу Жанар Жолдошева Өзбекстанда өткөн дзюдо боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. 16-17-ноябрь күндөрү Ташкентте 2006-2008-жылдары туулган спортчулар арасында турнир өттү.

Жолдошева 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, анда жалпысынан 10 спортчу катышкан. Кыргызстандык спортчу 1/4 финалдан баштап, Ирандын спортчусун жеңип, жарым финалда Кытайдын Тайбэйинин өкүлүнөн күчтүүрөөк болду.

Финалдык беттеште Жолдошева Өзбекстандын спортчусун жеңип, алтын медаль тагынып, Азия чемпиону аталды.

Жалпысынан турнирде Кыргызстандын курама командасы 5 медаль – 1 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль утушту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version