Эң алгач онлайн-класс: MegaCom аралыктан окутуунун жыйынтыктарын чыгарды

Эң алгач онлайн-класс: MegaCom аралыктан окутуунун жыйынтыктарын чыгарды

Кыргыз Ркспубликасындагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу орто мектептердин окуучулары жана мугалимдер 2019-2020-окуу жылынын 4-чейрегинде, 8-апрелден 30-майга чейин аралыктан окуу форматында билим алууга аргасыз болушту.

MegaCom инновациялык кызматтарды ишке киргизип, сапаттуу байланыш кызматын көрсөтүү менен социалдык-жооптуу мекеме катары алгачкылардан болуп билим берүү объектилерин колдоого алып, актуалдуу санариптик чечимдери менен өлкөнүн жаштарынын онлайн түрдө билим алуусун шарттады.

MegaCom уюлдук оператору кыска мөөнөттүн ичинде «Мугалим 150» тарифин ишке киргизип, «Окутуучу»«Окуучу» жана «MegaСтудент» кошумча бонустук топтомдору аркылуу абоненттердин билим берүү тармагындагы керектүү контенттер менен чектөөсүз колдонуусун шарттады.

Муну менен компания Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердин 300 миңден ашык окуучуларын, мугалимдерин жана ЖОЖдордун студенттерин бекер байланыш менен камсыздады.

«Альфа Телеком» ЖАКсы мугалимдер жана окуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин интернет сайттарын, 20дан ашык атамекендик жана чет элдик веб-ресурстарды ошондой эле аралыктан окутууга ылайыктшылган месенжерлерди, электорндук сервистерди (Google Classroom, ЯКласс ж.б.) бекер жеткиликтүү кылды.

Аралыктан окутуу программасын колдоонун алкагында «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» аталган 2020-жылы MegaCom Mega24 тиркемесинде (Google Play жана App Store’дон жүктөп алууга жеткиликтүү) онлайн-видео сабактарды, билим берүү багытындагы телеканалдарды, санариптешкен адабияттарды көрүүгө жана колдонууга ылайыкташкан «Мектеп» бөлүмчөсүн ишке киргизди.

MegaCom Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине видео сабактарды тартууга жана жайгаштырууга жардам көрсөтүп, муну менен катар «Газпром Кыргызстан» мектебинин демилгеси менен даярдалган, «Санат» телеканалынын, «Сапат» Кыргыз-Түрк лицейинин видео сабактарын Mega24 тиркемесинде жайгаштырды.

2 айга жетпеген аралыкта Mega24 тиркемесинин «Мектеп» бөлүмүнө колдонуучулар 3,92 миллион жолу баш багышкан. Мында абоненттердин көпчүлүгү онлайн-окутуулар үчүн уюлдук телефондорду колдонушкан (3,81 миллион көрүү). Билим берүү тармагындагы контенттин кызматынан саат 08:00ден 13:00гө чейин активдүү колдонушкан.

Видео-сабактарды 313 миң жолу көрүшкөн. Ал эми бул контентти көрүүнүн убактысы жалпы 1,5 миллион мүнөт же 26,1 миң сааттан ашкан.

Мындан тышкары MegaCom’дун абоненттери тиркеме аркылуу билим берүү багытындагы контент болгон «ЭлТР», «Пирамида», «5 канал», «Баластан» жана «Илим Билим» телеканалдарын көрүп жатышты. Mega24 тиркемесинин жардамы менен атамекендик телеканалдарды көрүүнүн жалпы саны 570 миңди түзгөн.

Билим берүү жана илим министрлиги, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен биргеликте MegaCom компаниясы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Mega24 тиркемеси аркылуу ЖРТга даярданууга жана билим деңгээлин текешерүүгө шарт түздү. Бул мүмкүнчүлүк менен ийгиликтүү пайдалангандар жана тесттен өзүн сынагандарды каалагандар 37,7 жолу колдонушкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>