Эң арзан жана кымбат бензин кайда сатылууда? Статкомдун мониторинги

Эң арзан жана кымбат бензин кайда сатылууда? Статкомдун мониторинги

АИ-92  маркасындагы бензиндин 2021-жыл 11-мартка карата баасы орточо эсеп менен 42.6 сомду түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу бензинге болгон баа 11.5%, дизелдик отунга болгон баа 7.2% жогорулап, 40.8 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Эң кымбат бензин Баткенде (бир литрине болгон баасы 47.1 сомдон), Исфанада (47 сом), Кербенде (44.3 сом), Ноокатта (43.8 сом), Ошто (43.4  сом), Кара-Сууда (43.2 сом), Өзгөндө (42.9 сом), Жалал-Абадда (43 сом), ал эми минималдуу баа менен Кара-Балтада (40.8 сом), Покровка айылында (40.9 сом) жана Нарында (41 сом) сатылууда.

Бензиндин баасы Покровка айылында – 18.6%, Таласта – 16%, Кербенде – 14.4%, баткенде – 14.1% жогорулаган.

Дизелдик отундун баасы Баткенде (бир литрине болгон баа 46.1 сомдон), Исфанада (44.9 сом), Ноокатта (42.9 сом), Ошто (41.2 сом), Кара-Сууда (41.2 сом), Кербенде (41 сом), ал эми минималдуу баа менен Нарында (38.4 сом), Балыкчыда (38.6 сом), Чаек жана Покровка айылдарында (39.50 сом) сатылууда.

Дизелдик отунга болгон баанын максималдуу өсүүсү Кара-Балтада – 12.8%, Баткенде – 12.5%, Покровка айылында – 1.3% катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>