Site icon Reporter.kg

ЕАЭБ: Азык-түлүк коопсуздугуна артыкчылык берилет

Быйыл ЕАЭБдин ишмердүүлүгүндө азык-түлүк коопсуздугу артыкчылыктуу багыттардын бири болот. Бул тууралуу ЕАЭБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кубаттуу агро өнөр жай базасы өздөрүн керектүү айыл чарба продукциялары менен камсыз кылууга жана аларды олуттуу көлөмдө экспорттоого да мүмкүндүк берет.

Бир жыл мурун башталган “Евразиялык агроэкспресс” долбоору учурда натыйжалуу иштеп жатат:

“Заманбап, тез жана туруктуу каналдар, жеткирүү чынжырлары биздин өлкөлөрдүн айыл чарба сектору үчүн олуттуу стимул жана дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу салым болуп саналат”, — деди Михаил Мишустин.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version