ЕАЭБ боюнча товардын баасы 5.4%га өстү

ЕАЭБ боюнча товардын баасы 5.4%га өстү

2020-жылдын декабрь айында, 2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча товар жана кызматтарга болгон керектөөчү товарлардын баалары 5.4%, 2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 1% жогорулаган. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирди.

ЕАЭБ ичинде баанын эң жогорку деңгээлде кымбатташы Кыргызстанда (9.7%), Казакстанда (7.5%) жана Беларусияда (7.4%) катталган.

Биримдик ичинде тамак аш азыктарына болгон баанын 15.8% жогорулап, эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

«Керектөөчү товарлардын баасынын көтөрүлүшү негизинен азык-түлүккө баанын олуттуу өсүшүнө байланыштуу болду (+ 7,4%). Бул тенденция ЕАЭБдин бардык мамлекеттерине мүнөздүү, Беларуссиядан башка. Ошол эле учурда, Бирликте азык-түлүк эмес товарларга баалар 4,9% га, акы төлөнүүчү кызматтарга — 3,1% га жогорулады», — деп айтылат ЕЭКтин докладында.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>