Site icon Reporter.kg

ЕАЭБдин ичинде эмгек миграциясынын агымы өсүп, былтыр 1 миллион адамдан ашкан

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов өткөн жылы ЕАЭБдин ичиндеги эмгек мигранттарынын саны олуттуу өсүп, 1 млн адамдан ашканын билдирди. Ал бул тууралуу кечээ, 22-майда Баку шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин миграциялык органдарынын жетекчилер кеңешинин жыйынында билдирген.

Жыйында катышуучулар КМШ өлкөлөрүндөгү учурдагы миграциялык абалды, ошондой эле Шериктештикке мүчө мамлекеттердин миграциялык саясатынын негизги багыттарын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо маселесин талкуулашкан.

Бахыт Султанов ЕЭКтин миграция тармагындагы иши тууралуу маалымат берип жатып, ЕАЭБ ичиндеги эмгек миграциясынын олуттуу өсүшүн белгилеген.

«Союз жөнүндө келишим күчүнө киргенден бери эмгек миграциясынын жылдык агымы үчтөн бирге көбөйүп, былтыр 1 миллион адамдан ашты»,- деген ал.

Бахыт Султанов ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгек миграциясы боюнча мыйзамдарына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарын сунуштаган. Мониторингдин жыйынтыгына ылайык, өлкөлөр жогорку квалификациялуу адистерди тартуу боюнча окшош чараларды кабыл алып жатышат жана эмгек миграциясына байланыштуу мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү багытында илгерилеп жатышат.

«Миграциялык агымдарды көзөмөлдөө менен эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо ортосунда тең салмактуулукту сактоо абдан маанилүү. Бул тармактагы бардык демилгелер ЕАЭБ келишиминин укуктук нормаларына шайкеш келиши керек», — деген министр.

Мындан тышкары Бахыт Султанов Комиссия тарабынан даярдалган «Россия Федерациясында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарынын эмгек ишмердүүлүгү жана социалдык камсыздоо» аттуу брошюра тууралуу маалымат берген. Бул брошюра ЕАЭБге кирген мамлекеттердин расмий тилдерине которулуп, ЕЭКтин расмий сайтында жарыяланган. Ошондой эле ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн мыйзамдарын камтыган окшош брошюраларды даярдоо пландалып жаткандыгы айтылган.

Иш-чаранын алкагында Бахыт Султанов КМШ өлкөлөрүнүн миграциялык ведомстволорунун жетекчилери менен ишкердик жолугушууларды өткөрүп, учурдагы миграциялык абалды, тажрыйба жана маалымат алмашуу боюнча кызматташууну, ошондой эле тармактык иш-чараларды биргелешип уюштурууну талкуулаган.

Exit mobile version