Ушул жылдын январь-август айларында ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 853,9 миллион долларды түздү. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан берилди.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 4,5%ды түздү. Өндүрүштүн басымдуу бөлүгүн 558 миллион доллар менен кайра иштетүү өнөр жайы ээлейт.
Кийинки орунда тоо-кен өндүрүшү — 218,9 миллион доллар, электр энергиясы, газ, буу жана кондиционер — 61,3 миллион доллар, суу менен камсыздоо, канализация системасы, таштандыларды чогултуу жана бөлүштүрүүнү көзөмөлдөө — 15,5 миллион доллар турат.