Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы 2023–2024-жылдар аралыгында ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү улуттук мыйзам актыларына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын макулдашты. Бул тууралуу аталган комиссия кабарлады.
Изилдөөгө ылайык, 2024-жылы ЕАЭБ алкагындагы эмгек мигранттарынын саны 2023-жылга салыштырмалуу 2,98%га көбөйгөн.
Ошондой эле биримдикке мүчө мамлекеттер миграцияны жөнгө салуу иштерин улантып жатканы, өзгөчө ЕАЭБ жарандардын укуктарын коргоого жана мыйзамсыз миграцияга каршы чараларга өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгилүү болгон.
«Мониторинг мүчө мамлекеттер жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн өлкөлөргө кирүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды көрүп жатканын көрсөттү. Негизги өзгөрүүлөрдүн катарында Биримдикке мүчө мамлекеттерден келген эмгек мигранттары үчүн кирүү эрежелерин либералдаштыруу, ошондой эле мыйзамсыз миграцияны жана коопсуздукту көзөмөлдөөнү күчөтүү чаралары бар»- деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясы.