Эч ким менен сүйлөшпөй калган. Бишкекте 6 кабаттан 27 жаштагы кыз боюн таштады

Эч ким менен сүйлөшпөй калган. Бишкекте 6 кабаттан 27 жаштагы кыз боюн таштады

Бишкектин борборундагы үйлөрдүн биринде кыз 6 кабаттан боюн таштады. Бул тууралуу күч органдары билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-майда саат 16.00 чамасында Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде орун алган. Жерине милиция кызматкерлери барып, кыз курбусу менен бирге жашай турганын аныктап, ал өзүнө кол салаар алдында курбусу башка бөлмөдө уктап жатканы белгилүү болгон.

Белгилүү болгондой, кыз 1992-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну. Денесинде уруп-сабоо же өлтүрүү белгилери табылган жок.

«Ал акыркы убакыттарда бир нерселерге тынчсызданып жүргөн. Эч ким менен сүйлөшпөй», — деп айтып берген аны менен чогу жашаган курбусу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>