Site icon Reporter.kg

Эч жерде иштебеген адамдар пенсияга чыга алышабы? Соцфонддун жообу

Кыргызстанда 2022-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 735 миң адамды түзсө, иштеп жаткан адамдардын саны 1 млн 400 миңди түздү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев билдирди.

Жыйында депутат Улан Бакасов өлкөдө бир пенсионерге канча иштеген адам туура келерин сурап, “жыл сайын пенсионерлердин саны өсүп жатабы же каскаруудабы?”, деп кызыкты.

“Бир пенсионерге 0,8 жумушчу туура келет. Пенсионерлердин саны жыл сайын өсүүдө. Жылына орточо эсеп менен пенсионерлердин санына 50 миңге чейин чектөө бар”, — деди Социалдык фонддун төрагасы.

Ошондой эле, депутат “эч жерде иштебеген адамдар канча сом менен пенсияга чыгат?”, деген суроо узатып, өмүр бою малчы, дыйкан болуп эмгектенген адамдарды мисал келтирди.

“Социалдык фондго төлөмдөрдү жүргүзүп жүргөн адамдар гана пенсияга чыга алышат. Эгерде Социалдык фондго төлөбөсө, социалдык коргоодон 2000 сомго чейин жөлөк пул алат. Бул пенсиянын ордуна жөлөк пул катары төлөнүп берилет”, — деп жооп берди Бахтияр Алиев.

Буга чейин Социалдык фонддун төрагасы жумушсуз калган жарандарга үч ай акча төлөп бериле тургандыгын билдирген.

Анда ал быйыл июнь айынан тарта жарандарга топтомо фонундагы акчасын берүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилгенин, ага ылайык, жумушсуз калган адамдарга топтомо фондундагы каражатынан үч ай 7 миң сомдон төлөнүп бериле баштаганын айткан. Бул каражатты топтомо фондунда жетиштүү акчасы бар жарандар гана ала алат.

«Топтомо фондундагы акчаны ипотекалык насыяга баштапкы төгүмдү төлөө үчүн алууга болот. Мисалы, мурда (бир үй-бүлөдө – ред.) күйөөсү ипотека алып жатса, анын эле топтомо фонду эсептелчү. Учурда күйөөсү менен аялынын топтомо фондун эсептөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андан тышкары жаран жумушсуз калса, үч ай 7 миң сомдон төлөп беребиз. Ошондой эле, топтомо фондундагы акчаны пенсияга чыкканда, башка өлкөгө жашаганы кетип жатканда, онкологиялык оору менен ооруган, жүрөгүнө операция жасаткан учурда алууга болот», — деген ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version