Site icon Reporter.kg

Эдил Байсалов БУУнун Туруктуу өнүгүү форумунун төрагалыгына шайланды

Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык Экономикалык комиссиясынын аткаруу комитетинин 120-жыйынында катышуучулар туруктуу өнүктүрүү боюнча аймактык форумдун төрагалыгына Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун талапкерлигин жактырышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 2022-жылдын 6-7-апрелинде Женевада (Швейцария) өтөт. Форумдун жыйынтыгы боюнча баяндама даярдалышы күтүлүүдө. Ал 2022-жылдын июль айында Экономикалык жана Социалдык Кеңештин алдында туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун негизги документи катары колдонулат.

Exit mobile version