Site icon Reporter.kg

Эдил Байсалов оорукананы, “шыпаакана” – деп атай баштады (ВИДЕО)

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 19-январдагы жыйында оорукананы, “шыпаакана” деп атаган видеосу бүгүн, 20-январда социалдык тармакка тарады.

Ал үзүндү видеодо, Байсаловдун «шыпаакана»- деп айтып жатканын угууга болот.

Буюрса, Алымкадыр Савирдиновичтин да ошондой программасы  да бар. Томограф, гемиодиализ аппараттарын ошондой “ключевой ” ооруканаларга, “шыпааканаларга” жайгаштыруу боюнча пландар бар” – деген.

Кечээки, 19-январдагы парламенттик жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге “оорукананы, шыпаакана” деп атоонуу сунуштаган болчу.

«Оорукана» эмес, «шыпаакана» дебейлиби? Жогорку Кеңеште сунушталды

Exit mobile version