Site icon Reporter.kg

Эдил Байсалов япониялык компаниянын өкүлү менен жолугушту

25-июнда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын Tarutoko Research Institute Ltd компаниясынын жетекчиси Синдзи Тарутоко менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө адам ресурстары, саламаттыкты сактоо, спорт жана балдар тамак-ашы тармагында кызматташууну өнүктүрүү талкууланды.

Байсалов япон делегациясынын Кыргызстандын социалдык өнүгүүсүнө, өзгөчө саламаттыкты сактоо, эмгек миграциясы, жаштар саясаты жана спорт тармагына катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргызстандын жаш адистери үчүн Японияда стажировкаларды жана убактылуу ишке орноштуруу программаларын уюштуруу темасы да козголду.

Exit mobile version