ЕЭК ЕЭБге унааларды убактылуу ташып келүүгө тыюу салышы мүмкүн

ЕЭК ЕЭБге унааларды убактылуу ташып келүүгө тыюу салышы мүмкүн

Евразиялык экономикалык комиссия жеке адамдардын жеке муктаждыктары үчүн автоунааларды убактылуу ташып келүү маселесин кароону көздөп жатат. Бул тууралуу комиссиянын сайтында маалымдалат.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынын кесепетинен ЕЭК автоунаалардын жана башка унаалардын ЕАЭБдин аймагында жеке адамдар ташып келүүсүн 2021-жылдын 31-мартына чейин узарткан.

«Жеке адамдар тарабынан жеке муктаждыктары үчүн убактылуу ташылып келген автоунаалардын ЕАЭБ аймагында болуу шарттарын узартуу маселесин Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 5-апрелдеги кезектеги отурумунда талкуулоо пландаштырылууда», — деп жазылат маалыматта.

Комиссиянын Кеңешинин чечиминин долбоорунда Биримдиктин бажы аймагында автоунаанын убактылуу мөөнөтүн 2021-жылдын 30-сентябрына чейин кайталап узартуу каралган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>