Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эфиопия Федеративдик Демократиялык республикасында Кыргызстандын элчилиги уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта президенттин маалымат кызматы билдирди.
Элчилик Кыргызстандын Эфиопия менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында түзүлдү.
Кыргызстандын элчилиги аталган өлкөнүн борбору Аддис-Абеба шаарында жайгашат.