Site icon Reporter.kg

Эгемендүүлүк күнүнө карата Чолпон-Атада ат оюндары уюштурулат

Кыргызстандын  эгемендүүлүк күнүнө карата  Ысык-Көлдө ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты.

Оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында 26-31-август күндөрү уюштурулат. Оюндарды өткөрүүгө 3 млн. 697 миң сом каралган.

Уюштурула турган оюндар: Көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун боюнча мелдештер болот.

Быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгы белгиленет.

Exit mobile version