“Эгемендүүлүккө канча жыл болду? Анжелика суроого жооп бере албай журналист менен айтыша кетти
5.09.2019 16:18
Эстрада ырчысы Анжелика Бекболиева “Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына канча жыл болду?” деген суроого жооп бере албай, NewTVнын журналисти Азирет Осмонов менен айтыша кеткен видеосу интернетке жарыяланды.
Видео тасмада ырчы суроого жооп берүүгө аракет кылып, бирок, “Мен даяр эмесмин” деп кетип калат. Журналисттин “келип жооп бериңиз, эки коюп коем” деген тамашасына теригип “эки коюп койгудай, мугалимсизби? Микрафонго тамашалабай эле коюңуз, ал ыйык” деп аны менен айтыша кеткен.
Журналист ушундай эле суроо менен Малика Динага кайрылганда, ал «Мага мындай суроо бербегиле, мен билбейм» деп жооп кайтарган.
Учурда ырчылардын бул видеосу интернетке тарап, социалдык тармактын колдонуучуларынын талкуусуна алынууда.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.