Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата болууда. Көзөмөл өткөрүү бекеттеринде текшерүү күчөтүлүп, чек арачылардын саны көбөйтүлөт.