Эгемендик алгандан бери Кыргызстанга 70 миңден ашык этникалык кыргыз көчүп келген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Көчүп келгендердин ичинен 65 миңдей адам Кыргызстандын жарандыгын алган.
Ал эми былтыр өлкөгө келген 1 миң 233 этникалык кыргыз кайрылман макамын алган. Алар Кыргызстанга Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Түркия, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөн келген.
Кайрылман күбөлүгү этникалык кыргыздар өлкө жарандыгын алганга чейин бериле турган документ болуп саналат. Ал УКМК, ИИИМ, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган мекемелер аралык комиссия тарабынан берилет. Өтүнүчтү кароонун мөөнөтү 2 айды түзөт.
Кайрылман күбөлүгүн алган этникалык кыргыздар жөлөкпул, пенсия алууга, ооруканаларга көрүнүүгө, билим алууга, жумушка орношууга, Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде Жер кодексине ылайык айыл чарба жерлерин кыска мөөнөттүү пайдаланууга ала алышат.