Site icon Reporter.kg

Эгемендик күнүнө карата акындардын айтышынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Эгемендик күнүнө карата алгачкы агартуучу, жазгыч акын, ойчул жана тарыхчы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган XVI кыргыз-казак акындарынын эл аралык айтышынын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кыргыз-казак акындарынын айтышы 30-31-августта Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтүп, ага 8 кыргыз, 8 казак акыны катышкан. Бул жолу казак акындарынын экөө Монголиядан, бирөө Өзбекстандан келген.

Адаттагыдай айтышка катышкан кыргыз-казак акындарга кош байге берилди.

Калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

Баш байге 450 миң сом- Азамат Болгонбаев (Кыргызстан),

Баш байге 450 миң сом — Муктар Ниязов (Казакстан).

Биринчи орун 300 миң сом — Изат Айдаркулова (Кыргызстан),

Биринчи орун 300 миң сом- Казырет Бердихан (Казакстан).

Экинчи орун 200 миң сом- Асылбек Маратов (Кыргызстан),

Экинчи орун 200 миң сом -Данияр Алдаберген( Казакстан)

Үчүнчү орун 100 миң сом -Чынгызхан Кожошев (Кыргызстан),

Үчүнчү орун 100 миң сом — Талгат Орынбеков (Өзбекстан).

Атайын кызыктыруучу сыйлык жана 70 миң сом акчалай сыйлык алгандар:

Тилек Базар уулу ( Монголия);

Аманжол Куанткан (Монголия);

Нурмат Мансуров (Казакстан);

Айчолпан Түлөхан ( Казакстан);

Баян Акматов (Кыргызстан);

Акмат Султан уулу (Кыргызстан);

Кубат Тукешов (Кыргызстан);

Кутман Садыбакасов (Кыргызстан).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version