Эгерде шайлоочулардын 30% добуш берсе, анда референдум өттү деп эсептелет

Эгерде шайлоочулардын 30% добуш берсе, анда референдум өттү деп эсептелет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, 30% — бул тизмеге кирген катышуучулардын жалпы саны. «Жалпы республикалык добуш берүүдө кабыл алынган сунушталган вариантын карап чыгуу үчүн, шайлоочулардын жалпы санынын кеминде 50% добуш бериши керек», — деди ал.