Site icon Reporter.kg

«Эйр Кейджи» мамлекеттик авиакомпаниясы жоюлду

Президенттин иш башкармасына караган «Эйр Кейджи» авиакомпаниясы» ишканасы жоюлду. Токтом «Эркин-Тоо» гезитинин 18-апрелдеги санына жарыяланды.

Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 14-апрелде кол койгон.

«Айр Кей Джи» авиакомпаниясы 2013-жылы түзүлгөн жана атайын каттамдарды тейлеп келген. Ошондой эле Кыргызстандын расмий делегацияларын ташуу боюнча каттамдарды жүзөгө ашырчу. 2023-жылы ал «Манас» эл аралык аэропорту» ишканасынан толугу менен Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Exit mobile version