Орусиянын Екатеринбург шаарында 18 адам уулуу метил спирти бар жасалма аракка ууланып каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Тергөө комитетине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, жасалма арак 2021-жылдын 7-октябрынан 14-октябрына чейин сатылган.
Бул окуяга шектелип эки жаран кармалып, кылмыш иши козголду.