Site icon Reporter.kg

Екатеринбургда изделип жаткан кыргызстандык өспүрүм табылды

Екатеринбург шаарында изделип жаткан кыргызстандык өспүрүм бала табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы учурда өспүрүм ата-энеси менен үйүндө.

«Баланын жакындары, Кыргызстандын Башкы консулдугу милиция кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана жашы жете элек кыргызстандыкты издөөгө катышкан баардык жарандарга ыраазычылык билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ТИМ 23-апрелде Екатеринбуг шаарында 21-апрелде мектепке чыгып кетип, кайра үйүнө кайтып келбеген кыргызстандык өспүрүм изделип жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version