Site icon Reporter.kg

Екатеринбургда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда массалык мушташ болду

Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда массалык мушташ болду. Бул тууралуу жергиликтүү орус басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, шаардын Пехотинцев көчөсүндө болгон мушташ кийинки күнү дагы уланган. Мындан улам жергиликтүү тургундар кечинде эшикке чыгуу коопту экендигин кабарлашкан.

Азырынча мушташтын себептери же жабыр тарткандар боюнча маалымат жок. Окуянын видеосун “360” басылмасы жарыялады.

Exit mobile version