Эки адамды мыкаачылык менен сабаган Бапышовдордун камактагы мөөнөтү узартылды

Эки адамды мыкаачылык менен сабаган Бапышовдордун камактагы мөөнөтү узартылды

Бишкектин Жал кичи районунда эки адамды мыкаачылык менен ур-токмокко алып кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдун камактагы мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды.

Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту 25-октябрда чыгарган.

Белгилей кетсек, эки адамды мыкаачылык менен сабаган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков 6-сентябрда кармалган. Свердлов райондук соту аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Шектүүлөрдүн бир тууган агасы,  мурдагы милиция кызматкери Казыбек Бапышов11-сентябрда кармалып, 10-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө абагына киргизилген. Биринчи Май райондук соту анын да камактагы мөөнөтүн 2020-жылдын 6-январына чейин узарткан.

Ал 28-августта, кызмат абалынан пайдаланып, окуя болгон жерден бир тууган инилерин алып кетип, кылмыш ишти жаап-жашырууга шектелүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>