Site icon Reporter.kg

Эки адамды сабагандарды жашырган милиция кызматкерлери үй камагына чыгарылды

Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен сабагандарды жашырууга шектелип камакка алынган эки милиция кызматкери 2-ноябрга чейин үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 8-сентябрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Эки адамдын мыкаачылык менен сабалышы боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп, 3 милиция кызматкерин жумуштан бошотуп, айрымдарына кылмыш ишин козгогон.

Мушташты жаап жашырууга шектелген эки милиция кызматкери 6-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кемитетине суракка чакрылып, андан соң УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Ал эми кылмышка шектүүлөр Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков 6-сентябрда кармалган. Свердлов райондук соту аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Exit mobile version