Site icon Reporter.kg

Эки адамды өлтүрүп, сөөгүн талаага көмүшкөн. Экинчи адамга өкүм чыкты

Ош облустук соту эки адамдын өлүмү боюнча экинчи айыпталуучуга өкүм чыгырды. Бул тууралуу 31-мартта Жогорку соттун сайтында айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин айыпталуучулардын бири — 17 жаштагы Кыргызстандын жараны 10 жылга эркинен ажыратылган.

Экинчи айыпталуучунун иши былтыр 19-октябрда Кара-Суу райондук сотунда каралып, сот Өзбекстандын 28 жаштагы Анвар аттуу (аттар өзгөртүлдү) жаранын 122-берене (адам өлтүрүү) жана 180-берене (баланы кылмыш жасоого тартуу) боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою абакка кескен.

Соттун бул чечимине макул болбой, айыпталуучу облустук сотко кайрылган.

Соттун токтомунда айтылгандай, окуя 2022-жылдын март айында болгон. 15-мартта болжол менен саат 19:40да Анвар менен Асан (17 жаштагы айыпталуучу) Honda Fit унаасына Өзбекстандын 20 жаштагы Баходир аттуу жаранын жүргүнчү катары алган. Унааны Асан башкарып бара жатканда, Анвар алдыңкы орунда отурган Баходирди жип менен муунтуп, өлтүргөн. Андан кийин алар маркумдун Redmi 9A телефонун, 100 долларын жана 20 миң сум (Өзбекстандын акчасы) акчасын алып алышкан. Кылмыш жасагандан кийин маркумдун сөөгүн Кара-Суу районундагы айылдардын бириндеги айдоо талаасына көөмп коюшкан.

Ошондой эле, токтомдо жазылгандай, 17-мартта эки айыпталуучу Кара-Суу шаарындагы базарлардын биринен такси күтүп жаткан 36 жаштагы Бакыт аттуу жаранды жүргүнчү катары унаасына алышкан. Жолдо бара жатканда арткы орундукта отурган Анвар Бакытты муунтуп өлтүргөн. Андан соң алар маркумдун ноутбугун, телефонун жана 5 миң сом акчасын алып, анын сөөгүн Кара-Суу районундагы айылдардын бириндеги талаага көөмп коюшкан.

Быйыл 28-мартта облустук сот экинчи айыпталуучунун апелляциялык арызын карап чыгып, райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Эки адамды өлтүрүп, сөөгүн талаага көөмп коюшкан. Окуянын чоо-жайы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version