Site icon Reporter.kg

Эки айда 26 миң 300 балага сүйүнчү пул берилди

Январь жана февраль айында «Балага сүйүнчү» бир жолку төлүмүн 26 377 бала алышты. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги билдирди.

Ал учүн 105,6 млн.сом каржыланды.

Белгилей кетсек, ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга 4000 сомдон берилет. Үч эмге, же андан көп төрөлгөн балдарга сүйүнчү 50 миң сомдон болот.

«Балага сүйүнчү» 2018-жылдан бери берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version