Эки аял «Дордойдун» сатуучуларынан 20 миң доллар жана телефон уурдап кетишкен — видео

Эки аял «Дордойдун» сатуучуларынан 20 миң доллар жана телефон уурдап кетишкен — видео

Борбор калаадагы милициянын ыкчам кызматкерлери уурулукка шектелгендерди кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

29-декабрда Э.И. аттуу жаран белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен, ошол эле күнү саат 16:30 чамасында Дордой базарында соода контейнеринин ичинен 20000 АКШ долларын жана документтерин уурдап, андан кийин дайынсыз жоголгон.

24-декабрда дагы бир жаран ушундай эле билдирүү жасаган, анын телефону уурдалган, анын баасы 14000 сомду түзгөн.

Бул фактылар Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү ррестринин каттоосунда Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси менен катталган.

Көп өтпөй шектүүлөр 1985-жылы туулган И.А., 1997-жылы туулган А.Ж. кармалган. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>