Эки көзүнүн ордуна шишик менен төрөлгөн Табаракка операция жасалды, бирок көрүү мүмкүнчүлүгүнөн… — видео

Эки көзүнүн ордуна шишик менен төрөлгөн Табаракка операция жасалды, бирок көрүү мүмкүнчүлүгүнөн… — видео

Эки көзүнүн ордуна шишик менен төрөлгөн Табарак Асилбек уулунун бир көзүндөгү шишик операция жолу менен алынды. Бул тууралуу «Ак ниет-Аманат» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев видео кайрылуу жасап билдирди.

Сапарбаевдин айтуусунда, Табарак көрүү мүмкүнчүлүгүнөн өмүр бою айрылып калды.

«Бир көзүнө операция жасалды. Экинчи көзүнө кийинчерээк операция жасалат. Дароо эки көзүнө операция жасаганда бала көтөрө албай калышы мүмкүн эле. Бир көзүнө жасалган операциядан Табарак жакшы чыкты. Ал операциядан чыкчыча Аллахтан жардам сурап жалбарып жаттык. Асылбек Нуркамил уулу менен чогуу жүрүп аларга абдан ичим ачышты. Дени соо адамдарга караганда жашоосу бир топ оор экен, ага карабастан балдарынын саламаттыгы үчүн аракет көрүп жүрөт», — деди Сапарбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>