Site icon Reporter.kg

Эки конуштагы мектеп, бала-бакча жана өндүрүш объекттеринде суу өчөт

20-февралда Бишкек шаарындагы «Мурас-Ордо» жана «Калыс- Ордо» конуштарында суу өчөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, суу саат 9.00дөн 15.00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде болбойт.

Мэрия аталган райондордун суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзмөкчү.

Белгилей кетсек, Бишкектеги ызгардуу суук 22-февралга чейин уланат.

Exit mobile version