Эки миң доллар пара алып жаткан милиция кызматкерлери кармалды

Эки миң доллар пара алып жаткан милиция кызматкерлери кармалды

Эки миң доллар пара алып жаткан милиция кызматкерлери кармалды. Булар тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын 3-батальонунун командири, милициянын подполковниги жана анын орун басары, милициянын лейтенанты кечээ 8-августта кол алдындагылардан акча алып жаткан учурда кармалган.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берененин экинчи пункту («Пара талап кылуу») менен каттоого алынган.

Сотко чейинки териштирүүдө кармалгандар кол алдындагылардан жумуш ордунда калтыруу үчүн 2000 доллар талап кылганын, аны берүүдөн баш тартса ички иштер органдарынын кетирерин айтып, опузалаганы белгилүү болгон. Кармалгандар УКМКнын Тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>