Site icon Reporter.kg

Эки наристе бар! Кыгызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптардын жаш курагы

10-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 298 адамга жетти. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда алардын жаш курагын айтып берди.

Анын маалыматына ылайык, коронавирус аныкталгандардын ичинен 154ү аял, 144ү эркек.

Ал эми  жашы курагы боюнча, 15 жашка чыга элек 34 бала жуктуруп алса, алардын арасында бир жашка чыга элек эки наристе бар.

Илдетти жуктуруп алгандардын ичинен 5 адам каза болду. Жалпы COVID-19 вирусун жуктуруп алган 39 адам айыгып чыкты.

Exit mobile version