Site icon Reporter.kg

Аёсуз сабалган 2 жаштагы Егордун иши боюнча сот өкүм чыгарды

Сокулук районунда эки жаштагы Егордун сабалышы боюнча райондук сот бүгүн, 23-июнда өкүм чыгарды.

Аталган кылмышка шектүү делген 1987-жылы туулган Александр Самаркин  Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылды.

Ушул жылдын февраль айында Егор катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Бул иш боюнча Александр Самаркин кармалган.

Егордун денесинде күйүк, тырыктар болгондуктан ал узак убакытка дарыланып, реабилитациядан өткөн.

Exit mobile version