Site icon Reporter.kg

Эки жылда 18 миңдей мас айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылды

Кыргызстанда дээрлик эки жыл ичинде 17 миң 928 мас айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу 25-февралда «Биринчи радионун» түз эфиринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байгазы Айтикул уулу билдирди.

Ал 2023-жылдын 8-мартынан тарта мас айдоочуларга акчалай айыппул салуунун ордуна бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу жазасы киргизилгенин эске салды.

«Мас айдоочуларга жаза күчөтүлгөн. Мурда аларга 17,5 миң сом айып салынса, биз бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу нормасын киргизгенбиз. 2023-жылдын 8-мартынан бери бүгүнкү күнгө чейин жалпы 17 миң 928 мас айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды», — деди ал.

Айтикул уулу аталган чара тиешелүү натыйжасын бербегендиктен, ИИМ тарабынан жазаны дагы күчөтүүнү караштырган мыйзам долбоору иштелип чыкты.

«Биз сунуштаган мыйзам долбоордо мас айдоочуларды эки жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу нормасы киргизилүүдө. Жаза мөөнөтү аяктагандан кийин кайра ичип алып унаа айдаса, азыркы мыйзам боюнча, эки жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Биз муну төрт жыл деп өзгөртүүнү сунуштоодобуз», — деди ал.

Мас айдоочуларды 2 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда

Exit mobile version