Site icon Reporter.kg

Эки жылда Ооганстандан Кыргызстанга 400 үй-бүлө көчүрүлөт

Жакынкы эки жылда Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринде жашаган этникалык кыргыздардын 400 үй-бүлөсү Кыргызстанга көчүрүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 2022-2024-жылдар аралыгында 1500 адамды көчүрүү пландалууда. Аларга Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынан 70 гектар жер бөлүнгөн.

«Ал жерде мигранттар үчүн жаңы үйлөр курулат. 2022-жылга 30 үйдүн курулушуна 77 млн ​​220 миң сом бөлүнгөн», — деди министр.

Бул максаттарга жалпысынан 244 миллион 530 миң сом керектелет.

Exit mobile version