Экмат Байбакпаев: Мени коронавирус жуктуруп алды деген маалыматтар калп

Экмат Байбакпаев: Мени коронавирус жуктуруп алды деген маалыматтар калп

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев коронавирус жуктуруп алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Reporter.kg`ге эл өкүлү өзү билдирди. 

Анын айтуусуна караганда алар коронавируска анализ тапшырышкан, бирок али жыйынтыгы чыга элек. 

“Мени коронавирус жуктуруп алды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Анткени биз тапшырган анализдин жыйынтыктары али чыга элек. Жакынкы күндөрү чыгышы керек. Мен азыр өзүм билип эле 2-3 күндөн бери үй карантининде отурам. Баары жакшы”, — деп жооп берди эл өкүлү. 

Белгилей кетсек, буга чейин айрым басылмалар өздүк булактарына таянып, Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов жана Экмат Байбакпаевден коронавирус аныкталганын жазып чыгышкан

Жогоруда айтылган эки депутаттын бири Тазабек Икрамов менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>