Эколог: Бишкекте түтүн маселеси сапатсыз бензиндин айынан келип чыкты

Эколог: Бишкекте түтүн маселеси сапатсыз бензиндин айынан келип чыкты

Бишкекте түтүндүн курч көйгөйү бар. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Жашыл Энергетика Фондунун башчысы Анара Султангазиева маалымат жыйында айтты.

Анын айтымында, борбор калааны сапатсыз күйүүчү-майлоочу майларды колдонуу булгаган.

«Биздин маалыматтар боюнча, өлкөдөгү унаалардын 60%дан ашыгы эскирген. Контрабандалык жол менен алынып келинген сапатсыз күйүүчү-майлоочу майларды колдонобуз. Аны бензин деп да айтууга болбойт. Бул шлак. Биздин ак ниет эмес мунай компанияларыбыз күйүүчү майга кошумча зат кошушат. Биз саткан 92-95 маркасындагы бензин белгиси иш жүзүндө стандартка жооп бербейт. Коңшу мамлекеттер К4, К5 бензиндерин сатышат. Жана биз төмөнкү сорттогу күйүүчү майдан арыла албай жатабыз. ДССУ жана УНН маалыматтарында, дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 7 миллионго жакын адам булганган абанын таасиринен улам көз жумат», — деди Султангазиева.

Белгилей кетсек, Бишкек абанын сапаты боюнча дүйнөдөгү эң кир шаар деп таанылган. Мындай абанын булганышында беткап кийип көчөгө чыгуу, үйдө аба тазалагычты колдонуу жана бардык терезелерди жабуу сунушталат. Мындан тышкары сыртта спорт менен машыгуу сунушталбайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>