Site icon Reporter.kg

Экология министрлиги экоактивисттер менен кызматташууну күчөтөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экоактивисттер жана эксперттер тыгыз кызматташат. Бул тууралуу министр Мелис Тургунбаев «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Маалым болгондой, министр өлкөдөгү экологияны жакшыртууга салымын кошуп жаткан 24 бирикменин өкүлдөрү менен масштабдуу жолугушуу өткөргөн.

«Дал ушул экологиялык уюмдардын биргелешкен ишинин аркасында биз энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштап, чыгара алдык. Учурда ал мамлекеттик органдар тарабынан жактырылды. Бул биздин алдыга койгон чоң кадамыбыз десек болот. Алдыда биз жасай турган дагы көп иштер бар», — дейт ал.

Жолугушууда Тургунбаев экоактивисттер менен эксперттерге экология менен жаратылышты коргоонун амбассадору болууну жана бир нече демилгени сунуштаган:

— Экологиялык мүнөздөгү жана жаратылышты коргоо мыйзамдарына байланышкан эреже бузууларды министрликке кабарлап туруу үчүн туруктуу байланыш каналын түзүү;

— Биздин ишибизди жакшыртууга байланышкан кандай гана демилге болбосун министрликтин кароосуна киргизүү;

— Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу маселелерин көтөрүү;

— Жетишилген жыйынтыктарды талкуулап, алдыга пландарды коюу үчүн ар бир квартал сайын жолугуп туруу.

«Эко кыймылдардын мүчөлөрү — булар өлкө жана анын келечеги үчүн жүрөгү менен күйгөн чыныгы патриоттор! Мындай мактоо министрликтин ар бир кызматкерине да тийиштүү. Биздин мекеменин мүмкүнчүлүктөрүнө экоактивисттер менен эксперттердин тажрыйбасын кошо турган болсок, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагын жакшыртууда чоң ийгиликтерге жетише аларыбыз чын. Андыктан келгиле, жапа тырмак ишке киришели!», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version