Экономика илимдеринин кандитаты Авасбек Алымкулов 72 жашында дүйнө салды

Экономика илимдеринин кандитаты Авасбек Алымкулов 72 жашында дүйнө салды

Кыргыз коомчулугу оор жоготууга учурады. 72 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, экономика илимдеринин кандидаты Авасбек Алымкулов дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Өкмөттүн расмий сатына жарыяланды.

Авасбек Алымкулов 1948-жылы Талас облусундагы Талас шаарында туулган. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, Алымкулов Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу Борбордук статистика башкармалыгында улук экономист болуу менен эмгек жолун баштаган. Ал андан кийин Кыргыз ССРнин Мамлекеттик пландоосунун Экономика жана экономикалык-математикалык методиканы пландоо илимий-изилдөө институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштеген.

Reporter.kg маалымат агенттиги маркумдун жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>