Бекболот Алиев экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Алиевди министрликтин аппаратына Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Самат Кылжыев 26-февралда тааныштырды.
Бул кызматты Дастан Кадыров аркалап келген. Ал азыр башка ишке өткөнүнө байланыштуу экономика министринин орун басарлыгынан бошотулду.