Site icon Reporter.kg

Экономика министрлигине жаңы орун басар келди (Резюме)

Экономика министринин орун басары болуп Канат Абрахманов дайындалды.  Бүгүн, 27-декабрь күнү мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Экономика министри Данияр Амангелдиев жаңы орун басарын тааныштырды.

Тиешелүү буйрукка, 17-декабрь күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Япония, Англия, Франция жана Кыргызстандан билим алган. 2021-жылдын октябрь айынан бери Инвестициялар министринин жана Экономика жана коммерция министринин кеңешчиси болуп иштеп келе жаткан. Кыргыз, орус жана англис тилинде эркин сүйлөйт. Француз жана жапан тилинде сүйлөө деңгээлинде билет.

37 жашта. 

Exit mobile version