Site icon Reporter.kg

Экономикалык мунапыс: Эки жылда 8 адам гана мүлкүн ачыктаган

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүүдө.

Отурумда экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов аталган мыйзам долбоор боюнча презентациясы жасады.

Ал буга чейин Кыргызстанда жүргүзүлгөң капиталды легалдаштыруу өнөктүгү тууралуу сөз кылды.

«Алар 2008, 2009 жана 2013-2014-жылдары өткөрүлгөн. 2013-2014-жылдары гана 9 миң 840 декларация тапшырылган. Башкача айтканда 9 миң 840 адам өзүнүн мүлкүн легалдаштыруу жана мунапыс берүү мыйзамы менен колдонгон. Анын ичинен 83 декларант 37 млн 350 миң сом төлөгөн. Декларация тапшырган адамдарга карата кылмыш иши ачылган учурлар болгон», — деди ал.

Асылкулов белгилегендей, 2020-жылдын 4-декабрындагы 5-мыйзамга ылайык, төртүнчү легалдаштыруу өнөктүгү жүргүзүлүүдө. Бирок анын алкагында бир катар кепилдиктер жоктугунан  натыйжа болбой жатат.

«Азыркы учурда сегиз адам гана декларация тапшырды деген маалымат бар», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version