Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам күчүнө кирди

Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам күчүнө кирди

Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Экономикалык мунапыс маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

23-декабрда Жогорку Кеңеш экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Документте Жазык кодексинин алты беренеси боюнча айыбын мойнуна алып, мамлекетке келтирген зыянын төлөп, мүлкүн декларациялаган жарандарды жазадан бошотуу каралган.

Демилгечилер бул мыйзам менен азыркы кылмыш жообуна тартылган жарандардан кеминде 500 миллион сомду мамлекетке кайтарса болорун билдиришкен.

Бул экономикалык кылмыштарды кылган жарандар үчүн жазаны жеңилдеткен Кыргызстандагы экинчи документ болуп калды. Мамытов өткөн жылы 9-декабрда «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, 70 миллион сомдон аз суммага бааланган мүлкү бар жарандар аны өз ыктыяры менен декларацияласа, жоопкерчиликтен бошотулат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>