Site icon Reporter.kg

Экс-депутат Каныбек Иманалиев жаңы кызматка дайындалды

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

«Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Иманалиев Каныбек Капашович билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги КР билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Иманалиев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. 2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

Президенттин башка жарлыгы менен Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version