Site icon Reporter.kg

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев эки айга камалды

Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин уюштуруучуларнын бири Каныбек Осмоналиев жана активдүү мүчөсү Анара Дубанбаева эки айга камалды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

 4-марттан 5-мартка караган түнү чыккан соттун чечимине ылайык, алар 3-майга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында болот.

Белгилей кетсек, 2-мартта Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин соңунда акциянын катышуучулары Ак Үйгө карай бет алганда милиция  көздөн жаш чыгаруучу, кулак тундуруучу куралдарды колдонуп жана суу менен аткылап элди аянттан сүрүп чыгарган.

Эки тараптын кагылышынан соң автоунаалар жана бир катар мекемелер жабыркаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети митингдин уюштуруучулары экс-депутат Каныбек Осмоналиев, митингдин активдүү мүчөсү жана абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун агасы кармалган. Алар “бийликти басып алууга аракет кылган” деп шектелип, тергөө абагына киргизилген.

Exit mobile version