Site icon Reporter.kg

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев КУУга ректор болот

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине ректор болот. Бул маалыматты “Репортёрго” өздүк булактар кабарлады.

Маалымат булагыбыздын айтымында, өкмөт Осмоналиевди адегенде окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу кылып бекитет, андан соң ректорду шайлоо дайындалышы мүмкүн. 

Аталган маалыматты Осмоналиевдин өзүнөн тактоо үчүн аны менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.

Эреже боюнча Улуттук университеттин ректорун окуу жайдын кызматкерлери шайлап, өкмөт бекитет.

Учурдагы окуу жайдын ректору Канат Садыков 2017-жылдын май айынын соңунда шайланган.

Каныбек Осмоналиев ушул жылдын 2-мартында Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингден кийин кармалып, камакка алынган. Июнь айында үй камагына чыгарылган.

Жакында эле Каныбек Осмоналиевдин бир тууган иниси Жарасул Абдураимов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган.

 

Exit mobile version